Үч күнгө созула турган көргөзмө Гапар Айтиеев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде өтөт. Анда боек менен тартылган сүрөттөр, графика, айкелдер, балдардын сүрөттөрү, кыргыздын заманбап кийим-кечелери коюлат. Аталган маданий иш-чара “International Textile Network Japan” уюму, Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз-жапон адамды өнүктүрүү борборунун демилгеси менен уюштурулду. Көргөзмө Жапония менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин он беш жылдыгына арналат. (ZMa)