Талибдер барымтада кармап турган 23 түштүк кореялыктын бирөөсүн өлтүрүштү

Кечээ ооган полициясы анын денесин тапканын ырастады. Азырынча такталбаган кабарларга караганда, барымтадагылардын ичинде сегиз киши бошотулуп, Газни провинциясындагы америкалык аскерлерге өткөрүлүп берилген. Бирок провинциянын губернатору бул малыматты четке какты.