Фатима Абдалова Акын, кыргыз эл сүрөтчүсү Шакен Мамбетаипованын жаңы басылып чыккан “Көл боюна жүз келем” китеби акындын тандалган жана буга чейин басылбаган ырларынан турат. Акындын поэзиясы көп темалуу келип, ага эң башкысы улуттук боек, улуттук өзөк мүнөздүү.
Акын жана Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Шакен Мамбетаипова 1936-жылы Ысыккөл облусунун Тоң районунун Тууратам айылында туулуп өсүп чоңойгон. Шакен Мамбетаипова сүрөтчүлүк менен кошо ыр да жазып, “Кыргыз пейили”, “Байыркы жылдыздар”, “Улуу тоолор”, “Оюмдагы обондор” деген ыр жыйнактарын чыгарууга жетишкен. Шакен Мамбетаипованын аталган жыйнагын уулу, акын Жыргалбек Касаболотов басууга даярдап чыгарды.
Шакен Мамбетаипова көп жылдар ооруп жүрүп бир миң тогуз жүз токсон бешинчи жылы элүү жети жаш курагында кайтыш болгон. Китептин “Жалгыз терек” бөлүмүндөгү “Жалгыз терек” деп аталган ыры акындын өмүрүнүн соңку учурларында жазылган ырлардан:
"Самап келем, алыстан самап келем,
Сагынычым таркабай карап келем.
Аталардын калтырган эстелиги,
Балдары үчүн чоң медер, канат белем.
Мен өлсөм да кун бүтүп жаза тайып,
Сен өсө бер терегим, бутак жайып.
Экөөбүз тең жок болсок бул дүйнөдө,
Аты өчпөйбү атамдын Мамбетайып."
Шакен Мамбетаипованын тандалган жана мурда басылбаган ырларынан турган “Көл боюна жүз келем” аттуу жаңы китеби “Мекен мээрими”, “Адам сыры”, “Жалгыз терек”, “Табият табышмагы”, “Ашыктык абазы”, жана “Өлбөс өнөр” деп аталган бөлүмдөрдөн туруп, белгилүү жазуучу Чоюн Өмүралиев баш сөзүндө жазгандай – акындын поэзиясы көп темалуу келип, ага эң башкысы улуттук боек, улуттук өзөк мүнөздүү.
“Камчы” деген ырынан:
"Уулум! Ме, бу камчы сен үчүн.
Учунда улуулук жолу бар.
Өрүмүн жакшылап карасаң,
Өнөрдүн тарыхы жолугаар.
Манастын колунда ойногон,
Мына эми, сага өттү кыйладан.
Жеңишке сүйүнүп баатырлар,
Жеңилсе таянып ыйлаган.
Арка кыл көңүлгө ар дайым,
Атаңдын арнаган жөлөгүн.
Сагынсаң сабырдуу карап кой,
Сага өткөн калкыңдын өнөрүн.
Илип кой төрүңө, кулунум,
Бабаңдын байыркы камчысын.
Ийилип душмандын зулуму,
Бийиктеп зоболоң жаркысын."
Шакен Мамбетаипованын сүрөт көргөзмөлөрү союздук республикалардан сырткары дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө өткөн. Шакен Мамбетаипованын сүрөт эмгектери да улуттук көркөм дөөлөттөрдү даңазалайт. Белгилүү акын Субайылда Абдыкадырова Шакен Мамбетаипованын эки өнөрүн тең жогору баалайт:
-Шакен эки өнөргө тең изденип иштеди. Анын поэзиясы сүрөткерлигине, чебердигине жуурулуп, сүрөтчүлүк өнөрү поэзиясына айкашып турат. Шакен чийге түшүрүлгөн “Төө жетелеген аял” деген эмгеги менен дүйнөгө таанылды.
Шакен Мамбетаипованын өмүрүнүн соңку учурларында жазылган “Жол жомогу” деп аталган ырынан үзүндү келтирели:
"Турмушта мен баскан жол жалгыз аяк,
Баратат черди аралап, өргө таяп.
Тагдырым маңдайыма жазса керек,
Бирөө жок багыт берээр, жөлөп-таяп.
Максатым – тээ чокуда. Жеткис ченем,
Төбөсү үн алышат жылдыз менен.
Бир жердин ити-кушу жолум тозсо,
Бир жерден булбул сайрап, гүлдөр терем.
Кантсе да басканыма узак болду,
Кайтууга мөөнөт бербес убак болду.
Кылчайып алыс калган издериме.
Кайрадан сапар чегем, улап жолду."
Шакен Мамбетаипованын уулу, акын Жыргалбек Касаболотовдон апасынын мүнөзү тууралу сурадым:
-Апам бизди алтообузду тең жалгыз өзү өстүрүп чоңойтту. Ошондонбу апамда аялдын да, эркектин да мүнөзү бар эле. Чечкиндүүлүгү, бир сырдуулугу, элди өзүнө тарта билгендиги бар болчу,-деди Жыргалбек Касаболотов.