Кечээ башталган акциянын катышуучулары бийлик өкүлдөрү маселени чечип бермейин, иш-чараны токтотпой тургандыгын айтышууда. Жер басып алуучулардын лидери Абдыкасым Амираевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, нааразы болгон тараптын арасында ачкачылык жарыялайбыз дегендер бар. Ушул айдын башында Маевка айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын сексендей тургуну айылдын жанындагы бош жаткан төрт жарым гектар жерди басып алган. Нааразы тараптын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерди мыйзам негизинде чечип беребиз деген убадасынан кийин курулуш иштери башталган эмес. Бийлик өкүлдөрү тарабынан жооп болбогон соң, жер басып алуучулар кечээ өкмөт үйүнүн алдында наарызылыкка чыккан. (ZMa)