Жалпы жарандык биригүүгө, ошондой эле коомдун руханий, адеп-ахлактык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган мамлекеттик жана улуттук идеологияны иштеп чыгуу максатында президент Бакиевдин жарлыгы менен жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ар кыл чөйрөдөгү адистер кирген. Жумушчу топту мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жетектейт деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. (ZMa)