Борбордук Европаны өрт каптады

Борбордук жана түштүк-чыгыш Европада күн мурда болуп көрбөгөндөй ысып, абанын температурасы 45 градуска көтөрүлдү. Румыниянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мунун кесепетинен бул жумада эле бери дегенде 27 адам курман болду. Македонияда күндүн катуу ысышынан улам башталган өрттүн айынан өзгөчө кырдаал жарыяланды. Сербияда болсо миң гектарга жакын токойду өрт каптады. Босния, Италия, Черногория жана Болгариянын токойлорунда дагы өрт чыккандыгы кабарланууда.