«Азаттыктын» таңкы маектеши Медиа Oмбудсмен институтунун директору Илим Карыпбеков болду. Ал Мамлекеттик телерадиокомпаниянын мурдакы кызматкери Калыбек Тайтикеевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча өзүнүн ой-пикирлерин бөлүштү.
- Мамлекеттик мүлктү ыйгарып алган, же жок кылган деп айыпталып жаткан Калыбек Тайтикеев муну азыр саясий заказ деп атап жатат. Бирок ошол эле учурда Тайтикеев өзү оппозициянын катарында болгону да айтылууда. Азыр эми соттун өкүмү чыкканча так бир сөз айтуу кыйын болсо керек. Бирок сиздин оюңузча, дегеле Тайтикеевдин ишин басма сөз эркиндиги деген проблеманын алкагында караганга болобу, же жөн гана кылмышпы?
- Муну түзмө-түз басма сөз эркиндигине өтө таасири чоң тийип атат деп айтыш өтө кыйын. Себеби ошол - болгон, болбогонун сот аныктайт деп айтып кеттик. Бирок ошентсе дагы мен ойлойм, эгерде ошол адамдын же иштешкен жамаатында, же сотко берип аткан адамдар дагы ушул ишти өз ара эле чечип койсо абдан жакшы болмок. Себеби ар бир учурда биз журналист дегенди жөн гана кесибинде гана журналист, кесиби жоктор журналист эмес дебестен аларга ар кандай кепилдиктерди, же сый-урматты көрсөтүүгө кайсы бир деңгээлде моралдык жактан милдеттүүбүз деп айтып кетмекчимин.
Ошондуктан эгерде журналисттердин иш аракетинде, өзүнүн кесибинен да тышкары, же ошонун кесибине таасир эте турган иш аракеттерге зыян келип аткан болсо ошону ич ара чечсе болмок. Бул маселени ич ара чечкенге мүмкүнчүлүгү бар болчу тараптардын. Бирок тилекке каршы бул иш сотко жетип отурат. Эми соттон күтө жатарбыз кандай чечим болор экенин. Бирок муну түзмө-түз сөз эркиндиги менен байланыштырыш, албетте, кыйын.
- Басма сөз жаатындагы эксперт катары айтсаңыз, жакында эл аралык “Фридом хауз” уюму Кыргызстанды басма сөз эркин эмес өлкөлөрүнүн катарына кошподу беле. Буга өлкөдө каршы болгондор да болду, колдогондор да болду. Бул тармакты изилдеп жүргөн адам катары сиз кандай ойлойсуз, бүгүн Кыргызстанда көз карандысыз журналист болуш коркунучтуубу?
- Мен толугу менен макулмун. Себеби муну эки этапта карашыбыз керек. Биринчиси, эгерде журналисттердин көз карандысыздыгы, же журналисттик иш алып баргандыгы бул түзмө-түз сөз эркиндигинин көрсөтмөсү деп айта турган болсок, анда Кыргызстанда сөз эркиндиги дегеле жок. Себеби журналисттер бүгүнкү учурда таптакыр эркин эмес. Журналисттер бүт алган, келген маалыматтын барын маалыматтын ээлеринин саясий позициясын көздөп, ошонун чегинде гана чагылдырышат. Демек муну сөз эркиндиги деп айтууга болбойт.
Ал эми жалпы сөз эркиндиги деп айта турган болсок, азыркы учурда Кыргызстандын ар бир жаранында сөз эркиндиги бар. Ар ким ар кайсы учурда айта алат, бирок жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн ой-пикирин даана айтып бере албайт. Себеби ал кийин күчөтүлүп, маалымат булактарынын ээлеринен оңдолот. Бизге туура эмес кыйшык маалымат келип калат аягында. Азыркы учурда интернет булактары бар, ал башкарылууга жатпайт. Ошол аркылуу жарандардын өзүнүн сөз эркиндигин толугу менен ишке ашыра турган мүмкүнчүлүктөрү бар.
- Ошол эле учурда сөз эркиндиги тууралу маселе дайыма журналисттердин өздөрүнүн этикалык, моралдык баалуулуктары менен да тыгыз байланыштуу эмеспи. Журналисттер өздөрүнүн жеке укук милдеттерин жакшы билет деп ойлойсузбу. Мисалы, өздөрүн мүмкүн боло турган жагымсыз окуялардан коргош үчүн журналисттер фактылардын негизинде иштешеби, же эмоциянын негизинде эле жазылган макалалар көппү?
- Эң туура айтып кеттиңиз. Этика жана журналисттик коомчулукта медиа мейкиндигинде ич ара эч кандай эрежелердин жоктугу ушундай кесепттерге көп учурда алып келип атат. Журналист кайра өзү запкы жеп калып атат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында журналисттердин биримдиги жокко эсе деп айтсак болот. Алтургай журналисттер бири-бирине доо арыз жазып, жалпыга маалымдоо каражаттары бири-бирин сот аркылуу жаптырып, кандайдыр бир зыян келтиргенге багыт алган иш аракеттер көп болуп жатат. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе.
- Маегиңизге ырахмат.