8:44 Бүгүн кыйноолорго каршы уюшулган жумушчу топтун кезектеги жыйыны болот

Бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ Нарын жана Ысыккөлдө катталган окуяларды талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Адам укуктары боюнча президенттин алдындагы комиссиянын башчысы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар аталган облустардагы түрмөлөрдө болуп келип, ал жайларда бир катар кыйноо фактылары катталгандыктан, тез арада чогулуп, бул маселени талкулоо өтүнүчү менен кайрылган. (ZMa)