Бардык жардыруулар машинага салынган бомбалар менен жасалды. Ал эми Ирак өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиришинче, Бакуба шаарында Ирак жана АКШ армиясынын биргелешкен операциясында ал-Каидага мүчө болгон 18 киши өлтүрүлүп, 62си туткундалды. Анын аралыгында, АКШнын армиясы Багдадда кечээ бомба жарылганда бир аскеринен айрылганын бышыктады.