Аба ырайы

Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 24-июлда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Кээ бир аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35 градус ысык.
Чүйдө түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36 градус ысык болот.
Ош, Жалалабат, Баткен облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35 градус.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25 градус.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +34...+36 градус ысык болот.