17:17 Баткен районунда эки айылдын өкмөт башчылары кызматтан бошотулду

Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов өз буйругу менен берген арыздарына байланыштуу Баткен районунун Төрткүл айыл өкмөтүнүн башчысы Назарали Файзиевди жана Актатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Жолчу Кошназаровду кызматтан бошотту.
Айыл өкмөттөрү жакшы иш жүргүзбөй жаткандыгы тууралуу Баткен губернатору өткөн жумадагы облустук коллегияда айтып, бир катар айыл өкмөт башчыларына эскертүүлөрдү берген болчу. Ал эми Кадамжай районунун Алга айыл өкмөт башчысы Абдимитал Юзбаевтин камакка алынышы тууралуу милиция тараткан маалыматты облустук акимчилик төгүнгө чыгарды. Учурда аталган айыл өкмөт башчысы өз ордунда иштеп жатат.