15:15 2007-жылдын биринчи жарымында Баткен облусундагы зилзаладан зыян көп болду

Ушул жылдын алгачкы жарымында өлкөдө баш-аягы жүздөн ашык өзгөчө кырдаал катталган. Анын негизинде 230 миллион сомдон ашык чыгым келген. Айрыкча Баткен облусундагы жер титирөө көбүрөөк зыян алып келип, натыйжада жети жүздөн ашык үй жабыркаган. Алардын ичинен токсон үй, беш мектеп таптакыр керектөөдөн чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлангандай апрель-май айларында жүргөн сел жетимиш тогуз миллион сомдон ашык чыгым алып келген. (EBM)