12:05 А.Мамасалиев Акыйкатчы кечирим сурабаса сотко бере турган болду

Жаш саясатчылар форумунун мүчөсү Алишер Мамасалиев Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу аны “Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы бар”,- деген маалыматын эки күндүн ичинде жооко чыгарып, кечирим сурабаса Акыйкатчыны сотко берерин бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал эми Турсунбай Бакир уулу Мамасалиевден кечирим сурабастыгын, аны Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышы бар деп айтпаганын, Мамасалиев Өзбекстандан келери менен Акыйкатчыны кызматтан алуу демилгесин көтөрүп чыкканы тууралуу айтканын “Азаттыкка” билдирди. (AJ)