Өлкө башчысы беш күнгө созулган эс алуусун Ысыккөлдө өткөрдү. Бүгүн Курманбек Бакиев кайрадан ишке чыгаарын “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтымында, Бакиев ШКУнун саммитине даярдыктарды текшермекчи. 28-июлда саммиттин уюштуруу коммитетинин жыйынтыктоочу кеңеши өтөт. Ага президент Бакиев, тышкы иштер министри Эднан Карабаев жана министрликтердин өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. (ZMa)