Түркиядагы маалынан эрте парламенттик шайлоо өлкөдөгү саясий кризистик абалдан чыгуунун аргасы катары өтүүдө. Адилет жана өнүгүү партиясы колдогон Абдулла Гүл мамлекет башчылыкка парламентте жетиштүү добуш топтой алса парламент шайлоо өз маалында, быйыл ноябрь айында өтмөк.
Кыргызстан ишкерлер биримдигинин төрагасы, кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин төңтөрагасы Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда, парламент шайлоодо добуштардын көпчүлүгүн атаандаш эки саясий күч – Адилет жана өнүгүү, ошондой эле Жумуруят калк партиялары бөлүп алышы мүмкүн.
- АК – Адилет жана өнүгүү партиясын эл колдошу мүмкүн. Ошондой эле эки солчул партия кошулуп түзүлгөн Жумуруят калк бүгүнкү аткару бийлигинин башына келет деп турушат.
Шайлоого катышып жаткан 14 партиянын ичинен ислам баалуулуктарына басым жасаган Адилет жана өнүгүү же лайык – бейдинаят мамлекет түзүлүшүн жактырган Байкал Бугүлдүн Жумуруят калк партияларын улай дагы биртоп саясий күчтөр Улук Мажилистен орун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу ыктымал. Ч.Турсунбековдун ырасташынча, андай саясий күчтөрдүн эң ириси Улуттук аракет партиясы.
- Жумуруят менен Ак партиядан тышкары болсо Улуттук аракет партиясы деп коет, ал Алпарслан Түркештин партиясы, «Бозкуртчулар» деп да коюшат. «Бозкурт» - бизче «көк карышкыр» дегенди билдирет.
Түркиядагы парламент шайлоо, саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде, өлкөнүн келечегин, мындан ары кандай жол менен өнүгүүнү тандап алууга өбөлгө түзчү чоң саясий окуя.
- Түркия кандай жол менен кетет? Ислам жолубу, өлкө Ислам Республикасы деп аталабы же Мустафа Кемал баштап берген жол менен бейдинаят, лайык жолу менен өнүгөбү? Менин оюмча, Түркияда бейдинаят, лайык мамлекет жолу катуу өнүккөн. Мунун башында аскерий-саясий топтор турат. Билесиздер, өлкөдө аскерлердин таасири күчтүү. Дагы бир жагдай, өлкөдө бейдинаят, лайык мамлекет түзүлүшүн жактагандар арбын. Ислам динин калктын көбү карманганы менен көпчүлүк арасында мамлекеттин динден ажырым, лайык түзүлүштө болуусун жактыргандар, ал жолдон чыкпоону каалагандар көп.
Марат Казакбаевдин айтуусунда, Абдулла Гүлдүн парламенттеги шайлоодон өтпөй калышы өлкөнүн мындан ары кандай жол менен өнүгүшү тууралуу олуттуу ойлонууга шарт түздү. Акыйкатта да, 1923-жылы Мустафа Кемал Ататүрк баштап кеткен бейдинаят, лайык мамлекет куруу идеясы Түркияда бекем орун-очок алары же ислам баалуулуктарын баарынан жогору коюп, коңшу араб мамалекеттеринин жолоюна түшүп кетеби суроосу ушу тапта шайлоого катышчу 42 миллион ашуун калкты эле эмес, жаамы түрк жумуриятын ойлонтуп турган чагы.
Маалымат катары айта кетчү сөз. Түркиядагы парламенттик шайлоого 14 партия катышып 550 депутаттык орундун тагдыры бүгүн ачыкка чыгышы ыктымал. Шайлоо чеги 10%, ушуну багындыра алган саясий күчтөр гана парламент шайлоого катыша алат. Кыйладан бери Түркияда президентти жалпы эл тарабынан шайлоо идеясы көтөрүлүп, бирок ал азырынча көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло элек. Европа биримдигине кирүүгө кызыкдар өлкөнүн кийинки жылдардагы экономикалык өсүшү да дурус дегидей жүрүүдө.