Бишкекте ШКУнун саммитинин өтүшүнө байланыштуу Кыргызстандын чекара кызматы август айынын экинчи он күндүгүнүн башынан тартып Бишкекке жана Чүй облусунун аймагына кирүүгө чектөөлөр киргизилет. Чекара кызматынын төрагасы Замир Молдошевдин билдиргенине караганда, борбор калаада жана республиканын түштүк аймагында документтерди текшерүү катуу көзөмөлгө алынат. Бишкектин жана Оштун аэропортторунда документтерди текшерүү үчүн кошумча бөлмөчөлөр орнотулат. (MSu)