Кечээ кечке жуук “Мустафа” кафесинде белгисиз адам милициянын подполковниги К. Алимовду аткан. Андан сон окуя болгон жерге келген ИИМдин Регионалдык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине карата ок ачкан. Кылмышка тиешеси бар деген шек менен Кызылкыштак айыл өкмөтүндө жашаган М. Алимжанов камакка алынды. Андан октолгон Макаров тапанчасы табылганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)