Бүгүн Молдова Приднестровьедеги уруштун токтогонунун 15 жылдыгын белгилейт

Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган чатакты басуу жөнүндөгү келишимге 1992- жылы 21- июлда Молдова менен Россиянын ошол кездеги президенттери Мирчеа Снегур жана Борис Ельцин кол коюшкан. Бирок, калкынын көбүн этникалык орустар түзгөн Приднестровьенин чатагы биротоло жөндөлө элек. Россия аймактан аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндөгү Молдованын өтүнүчүн укпай келет.