ОШ ГУБЕРНАТОРУНУН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КАМАККА АЛЫНДЫ

Бишкекке өкмөт жыйынына келгенде Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев милиция тарабынан кармалып, камакка алынды. Укук коргоо органдары областтык жетекчи ири суммадагы гуманитардык жардамды дос-тааныштарына таратып, мамлекетке бир жарым миллион сомдон ашуун зыян кылган деп айыпталып жатканын билдиришти. Камакка алынган жетекчинин жактоочулары Ош шаарында нааразылык акциясына чыгышып, эгерде Тезекбаев бошотулбаса Ош-Бишкек жолун тосоорун эскертишти.
Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармачылыгынын жетекчиси Кырккелди Кыдырбаевдин билдиргенине караганда, Кушбак Тезекбаевге Орусиядан келген ири суммадагы гуманитардык жардамды кызмат абалынан пайдаланып, өз тааныш, тууган, досторуна тараткан, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылууда. Жалпысынан Кылмыш кодексинин беш беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

- Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев кечээ, Бишкекте түшкү саат он эки чендерде милиция тарабынан кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта. Тергөө иштери жүрүп жатат. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келитирген, милиция жетекчисин кордогон деген жана башка айыптар тагылууда.

Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшү башкы башкармачылыгынын жетекчиси Манас Акматбековдун айтымында Кушбак Тезекбаевдин кармалып, камакка алышы эч кандай саясый кызыкчылыктарга байланыштуу эмес. Жөн гана мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү, кызмат абалынан пайдаланган деген айыптар негиз болгон. Жер титирөөдөн, табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга жардам бөлүштүрүү комиссиясын Кушбак Тезекбаев жетектеп Орусиядан келген 39 миллион 168 миң сомдук гуманитардык жардамдын ичинен бир миллион 584 миң сомдук жардамды тааныш-билиштерине мыйзамсыз таркаткан. Мындан башка дагы ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар тагылууда.

Ош губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 20-июлда облустук мамлекеттик администрациясынын маңдайында Кушбак Тезекбаевдин жүзгө жакын жактоочулары чогулуп, аны тез-арада боштондукка чыгарууну талап кылышты. Эгерде коюлуп жаткан талаптар аткарылбаса, нааразылыкка чыккандар Бишкек-Ош жолун тособуз деп коркутушууда.

Губернатор “эгерде алар жол тосууга бара турган болсо, анда тиешелүү чаралар көрүлөт, жолду тосууга эч кандай жол берилбейт” деп эскертти.

Ошто Кушбак Тезекбаевдин боштондукка чыгарууну талап кылгандардын бири Эркин Кожогелдиевдин айтымында ага тагылып жаткан айыптар негизсиз, аны мурда кийин айтпай туруп, Бишкекке өкмөт жыйынына барганда камап салышкан.

- Ага кандай күнөөлөр коюлуп жатканы ачык айтылган эмес. Кушбак Тезекбаев Ош аймагына таанымал ыңкылапчы, бийликтин алмашуусуна салым кошкон инсан.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Алишер Токсонбаевдин пикиринде Кушбак Тезекбаев Аскар Акаевдин бийлигин кулатууга, ыңкылаптын ишке ашуусуна салым кошкондордун бири, бирок мурда мамлекеттик кызматтарда иштебегендиктен кемчиликтерге жол берип коюшу ыктымал.