15:57 ИИМ: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

19-июлда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери издөөгө салынган, Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү деп айыпталган эки адамды камакка алды. Кармалгандар Азылов жана Ахматов июнда коркутуп-үркүтүү жолу менен Төлөгөнов аттуу атуулдун “OPEL-Монтерей” маркасындагы унаасын тартып алган деп шектелүүдө. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, эгерде Камчы Көлбаевди колго түшүрүүдө ал каршылык көрсөтсө, тартип коргоо кызматкерлери тарабынан ок ачылат. (ZMa)