Нарын АЙЫП, Прага Иран президенти Махмуд Ахмадинежад 19-июлда Дамаск шаарына келди жана кошуна Сириянын президенти Башар Асад менен эки мамлекет ортосундагы кызматташуу маселелеринен тышкары региондогу абал жөнүндө дагы сүйлөшөт.
Үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү өткөрүлгөн шайлоодо Башар Асад дагы жети жылга Сириянын президенти болуп шайланган жана 17-июлда президенттик кызматка киришти. Иран маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Асадды куттуктоо үчүн Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Дамаск шаарына өзү барууну чечти. Президентти тышкы иштер министри Манучер Моттаки жана курулуш министри Мохаммад Саиди-Кия коштоп жүрөт.
Быйыл сентябрда кырк экиге толо турган Асад өлкө президенти болууну көздөгөн эмес жана чст мамлекетте доктурга окуган. Бирок анын улуу агасы кырсыктан каза болгондон кийин анын атасы, президент Хафез Асад, уулун үйгө чакыртып алып, аны саясатка кошо баштаган. Сирияны 29 жыл башкарган Хафез Асад 2000-жылдын июнунда каза болгондо, өлкө конституциясы өзгөртүлүп, президенттикке талапкер 40 жаштан улуу болууга тийиш деген талап жумшартылган жана ошол эле жылдын июлунда Башар Асад 34 жашында президент болуп шайланган.
Мындан жети жыл мурда дагы, май айында Асад экинчи жолу шайланганда дагы, ага эч ким атаандаш болуп чыккан жок жана ал 97 пайыз шайлоочунун колдоосуна ээ болду. 17-июлда президенттик ант берип жатканда Асад - өлкөдө демократиялык реформалар жүргүзүлө турганы жөнүндө айтты жана 1967-жылы Израил басып алган Голан аймагы Сирияга кайтарылууга тийиш деп билдирди.
Анын айтымында, Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерттин өкүлдөрү менен акыркы мезгилде бир нече сүйлөшүү өткөрүлдү, бирок Сирия - тымызын эмес, ачык жолугушуу уюштурууну каалайт жана андай диалогдун жыйынтыгында Голан аймагы сөзсүз Сирияга кайтарылууга тийиш. Ал тууралуу Дамаск жакында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине дагы атайын кат жолдоду.
Сирия менен Батыш ортосундагы мамиле - кошуна Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири 2005-жылдын февралында Бейрут шаарында өлтүрүлгөндөн кийин бузулган, айрым эксперттердин пикиринде, ага Сириянын коопсуздук кызматтарынын тийешеси болгон жана азыр эл аралык тергөө жүрүп жатат. Батыш мамлекеттеринин басымы алдында ошол эле жылы Сирия - Ливандын айрым аймактарын 29 жыл бою көзөмөлдөгөн аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.
Батыштын айтымында, Ливандын түштүк аймактарында аракеттенген "Хизбалла" уюмуна каршы былтыр Израил согуш жүргүзгөндө, согушкерлерге курал Сирия аркылуу келип турган. "Хизбалла" Ирандан колдоо алганы дагы белгилүү. Андан тышкары Сирия менен Иран - Палестинадагы ХАМАС уюмун дагы колдойт.
Араб жана Иран маселелерин изилдеген Лондон шаарындагы борбордун жетекчиси Али Реза Нуризаденин пикиринде, Дамасктагы жолугушуу учурунда эки президент Палестинадагы абалга өзгөчө көңүл бурууга тийиш: "ХАМАС уюму азыр Газа тилкесинде камалып жатат. Эч ким аларды расми түрдө тааныбайт жана алар менен мамиле түзбөй жатат. Ошондуктан Сирия менен Иран маселени чечүүгө аракеттенет. ХАМАСтын жетекчилери Дамаскта жашайт, бирок аларды Иран каржылайт", - дейт Нуризаде.
Айрым эксперттердин пикиринде, Сирия менен Иран ортосундагы жакындашуу Израилге өтө жакпайт жана Сирия менен жүрүп жаткан сүйлөшүүдө Тель-Авив андай кызматташууну азайтууга аракеттенүүдө. Ошондуктан Иран президентинин Сирияга жасаган сапарынын - Израилдин андай аракеттерине каршылык көрсөтүү максаты да бар.