ЖАЛАЛАБАТ: ЖААТТАШКАНДАН ЖАМААТТАР ЭМНЕ БОЛОТ?

  • Ырысбай Абдыраимов
Өткөн апта аягында “Кызыл жар -12” шаарча өкмөтүнүн аялдары Жалалабат облбийлигинин алдында нааразылык билдирип турушту. Ташкөмүр шаарына караштуу шаарчадан келген аялдар шаардык өкмөттүн башчысын кызматтан алуу талабын коюшуп, мурдагы кайрылууларына жооп кылбаган облбийликке нааразы болушту. Экөө ыңкылапта бирге жүргөн үчүн шаар башчысын коргоп жатат деп губернатордун 1-орун басары Жаныш Курбановду да айыпташты. Жаныш Курбанов аялдардын арызы боюнча мурда эле комиссия түзүлгөнүн анын жыйынтыгын кароо Ташкөмүр шаар кеңешине жиберилгенин бирок адамгерчилик менен ишти аралаштырбоо керек экендигин түшүндүрдү.
Ташкөмүр шаарына караганы менен Аксы районуна бараткан жолдун капталында жайгашкан “Кызылжар-12” шаарчасынан келгендер шаарча өкмөт башчысын кызматтан кетирүү талабы менен облбийлик короосунда кечке дейре турушту. Шаарча башчысы Ысманжан Бабатаевди элди бөлүп адам укугун тебелөөдө деп айыпташып, анын кемчилигин көрсөткөн мурдагы кайрылуусуна жооп кылбаганы үчүн облустук бийликке нааразы болушту.

Шаарчадагы облустук ооруканада иштеген Майрам Айтмырзаева мындай дейт

-Бул нааразычылык акциясы айыл өкмөтүн иштен кетирүү боюнча. Себеби ал жетим-жесирлердин үйүн тартып алып жатат, элге тынчтык бербей жатат, куугунтуктоо болуп жатат. Эл экиге бөлүнүп кетти. Элдин ынтымагы ыдырап баратат, - дейт Майрам Айтмырзаева.

Шаарча башчысынын иш ыкмасын жактырбагандар Ташкөмүр шаар бийлиги менен Жогорку Кеңешке да арызданышкан. Бирок ал жактан да жарытылуу жооп болгон эмес.

-Баардыгына Жогорку Кеңеш, шаардык кеңешке да кайрылдык эч нерсе чече алышкан жок. Эл экиге бөлүнүп, чыр чатак көп болууда, - дейт шаар тургуну Гүлбара Сарпашева.

Шаарча мейманканасында отуз төрт жылдан бери иштеп жүргөн Майрам Ормонбекова шаарча башчынын адам укугун сыйлабаганы менен макул эмес:

- Менин энелик укугумду тебелегендиги үчүн кечирбеймин. Мага үй кызматкери деген сөз үчүн жооп берчү жерден жооп берип, кызматынан кетсин. Элди эки-үчкө бөлүп таштаган айыл өкмөтүнүн бизге эмне кереги бар.

“Кызылжар -12” шаарча өкмөтүндө казыналык мекемеде иштегендерге гана жумуш болбосо иш жоктугунан алдуу-күчтүү адамдар башка жакка иштегени кетишкен. Шаарча тургуну Калбү Эсенова шаарча башчы Ысманжан Бабатаев губернатордун 1- орунбасары Жаныш Курбанов менен ымаласы жакшы экендигин облбийликке арызданып барса да колдорунан эч нерсе келбей турганын айтканын мисалга тартты.

- Элдердин колунда жумуш жок. Ар бир үйдө үчтөн, төрттөн балдар бар. Баардыгыбыздын жолдошторубуз Оруссияда эмгек кылышат. Ушул күнгө чейин губернатордон же мэриядан эч кандай жыйынтык жок. Биз төртүнчү жолу губернатордун алдына келип турабы,- дейт Калбү Эсенова.

Көпчүлүктүн арызы менен түзүлгөн облкомиссия Кызылжар шаарча өкмөт башчысынын иш ыкмасын текшерип келишкен. Текшерүүдө кемчиликтердин көбү аныкталган, бирок шаарча башчысы эл тарабынан шайлангандыктан Ысманжан Бабатаевди кызматтан алуу жагын жергиликтүү айыл кеңештин сессиясы чечет.

Губернатордун 1- орунбасары Жаныш Курбанов Бабатаев менен Аксы окуясы жана март ыңкылабында бирге жүргөнүн танган жок. Анын айтымында шаарча башчынын кемчиликтери мойнуна коюлган, аны кызматтан алуу шайлоо маселесине облбийлик кирише албайт. Шаарчада мурунтан бери өз ара жаатташып келаткан эки топ бар. Бабатаевди кызматтан кетирүүнү эски айыл башчыны жактагандар талап кылса, экинчи топ анын жакшы иштегенин белгилеп облбийликке улам келүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы маселени териштирүү үчүн шаарча өкмөтү баш ийген Ташкөмүр шаар кеңешине жиберилген.

- Ошонун эртеси күнү анын жактоочулар келип жатат. Андай кемчилик жок. Тигиндей, мындай болгон эмес деген топтор да келди. Эми алардын талабы биз арыз бердиңер эле сиздер бошотпой койдуңар дейт. Биздин бошотууга укугубуз жок. Биз комиссия жиберип, текшертип мыйзам чегинде тактап бердик. Өзүлөрү чечишсин, - деп айтты губернатордун 1- орунбасары Жаныш Курбанов.