19:20 Жалалабатта жугуштуу оорулардын абалы жана ага каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды

ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында айтылгандай жарым жылда облуста бруцеллез оорусу былтыркыдан бир жарым эсе өскөн. Сузак районунда күйдүргү оорусуна үч адам чалдыккан. Ноокен жана Майлуусуу аймактарында ич келте дарты менен 28 киши ооруду. 99 кишини келемиш тиштеген. 8 адам тамак ашка ууланып, анын бирөө көз жумган. Облуста 1938-жылдан бери күйдүргүнүн 352 очогу катталганы менен, анын 156сы гана табылган. Калганы дайынсыз. Сибирь жарасы менен бруцеллез калк арасындагы түшүндүрүү иштеринин аксагандыгынан кайталанууда. Эл арасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн 500 миң вакцина жумшалган. Кутурма оорусунун алдын алууга дейди ит-мышык, карышкыр-түлкүлөрдү атып жок кылууга ит атарлар менен мал доктурлар, дары-дармек жетишсиз. Облустагы малды тейлөөгө 700 мал доктур зарыл. Көчө базарларда сатылган каймак, май, сүт-айранды текшерген адам жогу айрыкча айтылды. (YA)