КУМТӨР АЛТЫНЫ - ӨКМӨТ ГАНА ӨКҮТТӨ

Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө канадалык “Камеко” корпорациясынын өнүктүрүү боюнча вице-президенти Гордон Рейд менен “Центерра Голд” компаниясынын президенти, “Камеко” корпорациясынын башкы кызмат адамы Лен Хоменюк Бишкекке келишти. 16-июлда Бишкекте сүйлөшүүлөрдүн экинчиси улантылды. Мурдагы өкмөт тушунда ушундай эле сүйлөшүүлөр Москва менен Стамбул шаарларында өткөн.
«Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык корпорациянын ортосундагы Башкы келишим шарттары 2003-жылдын соңунда кескин өзгөрүлүп, мурда алтын кен үлүшүнүн үчтөн экисине ээ болгон кыргыз өкмөтү кантип жаңы түзүлгөн «Центерра Голд» компаниясынын 33% акциясына ээ болуп отуруп калганы көпчүлүккө эмдигиче табышмак. Божомолчулар ал табышмактын жандырмагын бир чечсе мурдагы президент Аскар Акаев менен мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев чечет эле деп отурушат. Ал экөө тең ушу тапта Орусиядан орун-очок таап, жашап-иштеп жүрүшөт.

Мурдагы өкмөт башчынын биринчи орунбасары Данияр Үсөнов канадалык корпорация өкүлдөрү менен Москвада, Стамбулда сүйлөшүүлөр жүргүзүп, салык , сөзсүз төлөмдөр өлчөмүн көбөйтүү боюнча биртоп сунуш-талаптарды койгон. Анын айтуусунда, 2005-жылы өкмөт «Кумтөр» алтын кенинен төлөмдөрдөн 30 миллион доллар алса, быйылкы жылы андай төлөмдөр 65 миллионго жетмек. Кендеги иш жакшы жүрүшүп кетсе өкмөт жалаң төлөмдөрдөн жыл сайын жок дегенде 80 миллион доллар киреше алып турмак. Бирок да канадалык ишкерлер азырынча мурдагы-кийинки өкмөттүн сунушуна ачык-так жооп берише элек.

Ушу тапта иштетилип жаткан «Кумтөр» алтын кенинин жанынан казылчу жаңы кендин болжолдуу 731 тоннасынан Кыргызстан канча пайда табарын Данияр Үсөнов момундайча билдирген.

- Биз 2,5 миллиард деп жатабыз. Мен мисалы, колдойт элем 5 миллиард алалы дегенди. Же депутат А.Малиев айткандай улутташтырып, тартып деле алалы.

Кыргызстандын каржы министри А.Жапаров жетектеген топтун катышуусунда өтүп аткан сүйлөшүүлөрдө деле негизинен ушул талаптар, Кыргызстандын алтын кенден тапчу пайдасын көбөйтүү маселелери козголууда. Улам-улам коюлган шарттарды «Камеко» корпорациясынын кабыл алар-албасын да так айтыш кыйын. «Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиевдин ырасташынча, сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетиши деле ыктымал.

- Негизинен 3 – 4 раунд болот да. Сүйлөшүүлөр максатына жетпесе жетпей деле калышы мүмкүн. Жок дегенде Кыргызстан тарабы азыр 52 – 60% болбосо дагы көзөмөл кылып турчу пакетине ээ болуш жагы коюлган.

«Кумтөр» алтын кенинин коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин «Камеко» корпорациясы менен «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилиги кыргыз өкмөтү туура тапкан расмий адамдардын баары менен жолуга тургандыгын маалымдоо менен чектелди.

- Биздин өкүлдөр өкмөт аныктаган кишилер менен гана жолугушат.


Парламент депутаты Болот Шерниязовдун айтуусунда, «Кумтөр» алтын кенинен 2005-жылга чейин Кыргызстан казынасына салык, башка төлөмдөрдөн болгону 164 миллион доллар гана түшкөн.

- Биз 572 миллион доллар албай калдык. Анан булар жандалбастап, 2003-жылдын 31-декабрында реструктуризацияга өтүшкөн.

Ал эми «Камеко» корпорациясы бул долбоордон 2 миллиард ашуун доллар киреше тапкан.