18:06 Баткен шаарынын базарында аскер гранатасы салынган баштык табылды

Учурда табылган РГД-5 аскер гранатасынын ээси деген шек менен кармалган 43 жаштагы аял облустук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат. Ал Фергана облусуна караштуу Өзбекстан районунун тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу «Азаттыка» Баткен ИИБ башкармалыгынын пресс катчысы Дамира Юсупова маалым кылды. Окуя боюнча учурда тергөө экспертизалык иштер жүргүзүлүп жатат. Базарда табылган жардыргыч гранатага тиешеси бар делген өзбек атуулунун айтымында, ал беш жылдан бери Баткен шаарындагы базарга келип соода сатык кылып жүргөн жана курал салынган баштыкты ага азык-түлүк сатып алган бейтаныш аял калтырып кеткен. (SA)