Алюминий өндүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган бул компания ошондой эле Камбарата ГЭСтерин куруу иштерине катышууну болжоп жатат. Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министрлигинин маалымат кызматынан билдирүүсүнө караганда, компаниянын өкүлдөрү азыр Кыргызстанда жана алар эртең өкмөт башчы баштаган өкүлдөр менен жолугушуп, бул жаатта кеп-кеңеш курушат. (EBM)