ӨЗГӨН МУНАРАСЫНЫН АБАЛЫ НАЧАР

Өзгөн мунарасы – Караханид доорунун тушундагы X-XI кылымдарга таандык байыркы тарыхый эстелик болуп саналат. Бирок мамлекет тарабынан кароого алынбай калгандыктан, бул архитектуралык жайдын абалы учурда начар.
Өзгөн мунарасын жакынкы күндөрдө барып өз көзү менен көрүп келген угарманыбыз Гүлтаажы Боромбаева “Азаттыкка” төмөндөгүдөй пикирин айтып телефон чалды:

-Мен кечээ жакында эле түштүк тараптан келдим эле... Өзгөндөгү мунараны көрүп, абдан капаланганымды айткым келет. Ушундай ыйык эстеликтин кыштары урап, чийилип-жазылып турганы жанды кейитет экен. Тарыхый баалуу эстеликтин мындай абалга жетиши – биздин мамлекеттик жетекчилердин жоопкерсиздигин, бейкапардыгын тастыктап турат. Мындай мамиле улана берсе, эстеликтен айрылабызбы...

Кыргызстандагы “Шах-Фазиль”, “Сулайман -Так”, “Сафид-Булан”, “Шырдакбек”,
“Кандөбө”, “Навикат”, “Суяб”, “Ак-Бешим” тарыхый эстеликтери XI-XY кылымдарга таандык эстеликтер болушса, азыркы “Бурана” – мурдагы “Ак-Бешим” жана “Өзгөн” тарыхый комплекси Кыргызстандагы эле эмес Орто Азиядагы эң байыркы эстеликтердин катарына кирет.“Бишкекреставрация” илимий изилдөө борборунун директору Жумамедел Иманкулов “Өзгөн” эстелигинин баалуулугун белгиледи:

-“Өзгөн” менен “Бурана” тарыхый комплекстери – Орто Азиядагы X кылымга таандык байыркы эстеликтерден болуп саналат. Кыргызстандагы эстеликтердин абалы чынында жакшы эмес... Көп жалдардан бери эле биз тарыхый эстеликтерди мамлекеттик камкордукка алуу маселесин өкмөт алдына коюп келатабыз... Азыр да көңүл бурулар деп күтүп турабыз...

Иманкуловдун айтымында соңку жыйырма жыл ичинде “Өзгөн” архитектуралык комплексин калыбына келтирүү иштери жүргөн. Бирок эстеликти андан ары коргоп-сактоо иштери жакшы уланбаган. Себеби угармандарыбыз кайрылгандай, азыр Өзгөн архитектуралык тарыхый комплексинин дубалдарынын кыштары ураган, дубалдар чийилип, ар кандай сөздөрдүн жазылышына жол берилген.

Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевдин айтымында, Өзгөн тарыхый комплексин сактап-коргоо боюнча каражатты Өзгөн райондук, Өзгөн шаардык акимчиликтери деле караса болмок. Бул үчүн атайын бир программа иштеп чыгыш керек.

Чынында соңку он беш-жыйырма жыл ичинде Кыргызстандын тарыхый эстеликтерине мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай келаткандыктан, мына ушундай баалуу эстеликтерди сактап калуу аракети менен тиешелүү жетекчиликтер ЮНЕСКОго, ПРООНго, АКШнын, Япониянын элчиликтерине кайрылышууда. АКШ элчилигинин жардамы менен “Шах- Фазиль” эстелиги калыбына келтирилсе, ЮНЕСКОнун жана Япон элчилигинин көмөгү менен байыркы Будда чиркөөсүнүн калдыктары жаткан Чүйдөгү байыркы “Навикат”, “Суяб” жана “Ак-Бешим” тарыхый эстеликтери калыбына келтирилип жатат. “Кыргызреставрация” илимий борборунун директору Жумамедел Иманкуловдун айтымында аталган жетекчилик маданият министрлиги аркылуу Кыргызстандын бир канча баалуу эстеликтерин, анын ичинде “Өзгөн” тарыхый комплексин калыбына келтирип жакшыртуу маселесин кыргыз өкмөтүнө коюп келатат:

-Биз бул маселени маданият министрлиги аркылуу өкмөткө коюп эле келатабыз. Бюджет каралганда эле, биз чыгып калып атабыз...

“Өзгөн” жана “Бурана” же мурдагы “Ак-Бешим” Кыргызстандын гана эмес дүйнөнүн байыркы эстеликтери катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирип жатат. Эми “Өзгөн” тарыхый комплексин, дегеле Кыргызстандагы баалуу эстеликтерди сактап коргоого мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл буруларын айтты маданият жана маалымат министри Султан Раев:

-Ырасында Өзгөн архитектуралык комплексинин учурда абалы жакшы эмес. Жыйырма жылдан бери өкмөт тарабынан көңүл бурулган жок. Бирок жаңы уюшулган маданият министрлиги мындай баалуу эстеликтерибизди сактап-коргоп калуу аракеттерин көрүп жатат. Азыр Өзгөн тарыхый комплексин ЮНЕСКОнун тизмесине кийирүү аракеттери жүрүүдө. Дегеле тарыхый баалуу эстеликтерди сактап-коргоо үчүн өкмөттөн атайын каражат бөлүнүш керек. Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз.