Өзбекстанда эмгек акы көбөйтүлөт

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бюджеттен маяна алгандардын эмгек акысы, пенсия, социалдык төлөмдөр жана студенттердин стипендиясы эмки айдан тарта 25 пайызга жогорулайт. Ошону менен Өзбекстанда 1-августан тарта минималдык маяна 12 АКШ доллар, ал эми минималдык пенсия 24 доллардын айланасында болот.