Ирак полициясы козголоңчулардын Кербала шаарындагы кол салуусуна жардам берген

Бул тууралуу америкалык массалык маалымат каржаттары жазып чыкты. Январь айында Кербала шаарында козголоңчулардын кол салуусунан 5 америкалык жоокер курман болгон. АКШ армиясы жүргүзгөн иликтөө ал окуяга ирак полициясынын тиешеси бар деп тапты. “USA Today" гезити жазгандай АКШ армиясы бул маалыматты тастыктады.

Айгул Жунушалиева, Прага