ЖАЛАЛАБАТ: ҮЙСҮЗДӨР ҮЙДӨН ЖОК ЖЕ ҮЙ КУРААРГА ПУЛДАН ЖОК

  • Ырысбай Абдыраимов
Жай ортолоп калса да, жазгы суу ташкында үйлөрүнөн ажыраган жарандар турак-жайын кантип тургузаарын билбей калышты. Өкмөттүк ссуда менен насыя акчаларга жана курулуш материалдарына муктаж болгон адамдарды эки айдан кийин күз түшсө, кайда жашаар маселеси чоочутууда. Айыл өкмөтү өкмөт жиберген 200 килограммдан буудайды таркатып, облбийлик насыя акча алчулардын тизмесин тактап өкмөткө жиберген.
Жазгы суу ташкында Сузак районунан 355, облус боюнча 1700 короо-жай жабыр тарткан. Райондун Кызылтуу айыл өкмөтүндө 12 турак жай керектен чыгып, облус боюнча 87 үй өкмөттүк ссудага муктаж деп чечим чыгарылган.

Айылдын тургуну Ражапбай Жакыпов үй курууга жер алган сегиз адамдын бири. Короосундагы бар мүлкү жараксыздыкка чыкса да, үй-бүлөсүндөгү 11 адам менен чатырда жашаган Ражапбай ар кимден карыздап алган акчага үйүнүн жерпайын түптөөгө үлгүрдү:

- Үй жарака кетип көчөйүн деп атат. Малкана, огород жараксыз болуп калды. Ссуда, же курулуш материалды толугу менен берсе жакшы болот эле.

Май айында айылга келген өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жабыркагандарга насыя акча берүү кыйын болуп жаткандыктан муктаж болгондорго 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин жардам берилерин айткан. Ортоазия айылынын тургуну Бакыт Жакыповдун айтымында премьер-министрдин убадасы да эмнегедир аткарылган жок:

- Жакынкы күндөрдө 50 миңден кайтарымы жок акча берем деп көп элдин ичинде убада берип кеткен премьер министр. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жок.

Үй-жайлары менен эгин аянттарын сел алган жарандар өкмөттөн насыя акча берилип калса, курулуш материалдарын сатып алып, күз-кыш маалына дейре турак-жайларыбызды бүтүрүп алат элек деген алгы үмүт менен жашоодо. Жараксыз үйүн бузуп, жыгач-кышын өз-өзүнчө жыйып койгон Замир Тойчиев жаңы бүткөн үйүндө жашаган үч үй-бүлө баш баанексиз калганын, алардын бирөөсүнө гана жер ажыратылганын билдирди:

- Кыштарды чыгарып тазалап оңдоп атабыз. Курулуш материал, же ссуда берсе жакшы болор эле.

Үйү жараксыз болгон Муктарбек Орунбаев жумушсуз болгондуктан ата-энесинин пенсиясына жашап, Орусияга иштегени кеткен тууганыныкында баш калкалоодо. Ортоазиялыктар батыраак жардам берүү өтүнүчү менен өз өкүлүн Акүйгө да жиберишкен. Айылдык өкүлгө жогорку бийлик «бара бериңиз, жакында жардам берилет» деген сөздөн башка жоопко жараган эмес:

- Өкмөттөн эч жардам жок. Чекти бөлүп берген, андан эч жыйынтык чыкпай атат. Аз убакыт калды. Эки айдан кийин күз келет, иштегенге болбой калат. Кышта эмне кылабыз билбейм. Биздин сураныч Бакиев ссуда берсе, бул жерде болгону 8 чатыр.

Түркия элчилиги Кызылтуу айыл өкмөтүндөгү суу ташкындан жабыркагандарга 2 тоннага дейре күлбото берген. Айыл өкмөттүн башчысы Асан Шакиров өкмөттөн жиберилген 200 килограммдан буудай муктаж адамдарга таркатылгандыгын айтты:

- Он эки үй жараксыз деп МЧС тарабынан табылган. Алардын сегизине чек бердик. Түркиядан келген гуманитардык жардамдан бир тонна 800 килограммдан цемент берип, азыр үйлөрдүн фундаменти бүтүүнүн алдында турат.

Он бир жылдан бери табият кырсыктарынан жабыркаган облустун 1137 тургуну өкмөттүк насыя алчулардын тизмесинде кезекте турушат. Облустук бийлик 10 миңден 50 миң сомго дейре жардам алчулардын тизмесин тактап бүтүп, жакында өкмөткө жиберген. Бирок, облбийликтин курулуш, транспорт, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаевдин белгилешинче жардам алчуларды топ-топко бөлүп аныктап алуу иши өтө кыйынчылыкка турду:

- Кичине кыйынчылыктар болуп атат, ар бир үйгө барып чыгыш керек жергиликтүү комиссия. Бизден Базаркоргон, Алабука, Ноокен райондору бүттү. Сузакка 29-июнда жөнөттү. Биз тизмени дагы кайрадан тактагыла деп атабыз.