7:48 Чет өлкөлөрдөн саясий баш паанек сурамакчы болуп жаткан Кыргызстандын беш жаранынын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун учурда аларды мындай чечимден кайтаруу аракетин көрүп, бул беш жаранга байланышкан иш боюнча тиешелүү жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын «Азатыкка» билдирди. Чет өлкөлөрдөн баш паанек сурап жаткандардын арасында апрелдеги митинг, өкмөт башчы Алмаз Атамбаев Таласка барган учурдагы окуяларга жана Кеминдеги шайлоо маалындагы массалык баш аламандыктарга тиешеси бар деп айыпталып жаткандар бар экени буга чейин кабарланган.(SM)