Акчаларын ала албай убара болуп жүргөн мугалимдер президент өзү айтып жатса бизге акча бербей жатышат деген нааразычылыктарын 11-июлда “Азаттыкка” мындайча билдиришти:
"Эс алуунун айлыгын ала албай убара болуп жатабыз. Болгону үч мектеп калыптырбыз,-деди Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы мектептин орус тили мугалими Күчүкова Насипа -Президент сүйлөп эле атпайбы, мугалимдер эмгек акылар менен камсыз болду, отпусканын акчаларын алышты деп. 9-июлдан баштап Нарын шаарындагы болгон жетекчилерге кайрылдык. КР эмгек кодексинин 120- беренесинде убагында ала албаган күндөргө 0,25 пайыз кошуп берсин деген закон бар экен. Ошонубузду кошуп берип төлөп берүүсүн талап кылабыз. Болбосо пикетке чыгалы деп атабыз. Президенттин өзүнө, Акылбек Жапаровго кайрылалы деп атабыз. Ал эми Нарын шаарынын финансы бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Айты Кеңешова акчалар 1-2-3-транш деп келип жатат. Биринчисин бардык мектептерге таратканбыз, экинчисин күтүп жатабыз". (JI)