13:08 Казакстан Кыргызстандын темир жол боюнча карызын кечти

Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда 2008-жылдан тарта Кыргызстандын поезддери казак темир жолунда жүргөнү үчүн акыны Казакстандын улуттук тарифи менен төлөй баштайт.(ZKo)