12:25 Коррупциянын тамыры каржы полициясында

Коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттик жүргүзгөн изилдөөлөр Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдар:
-Каржы полициясы
-Улуттук статистикалык комитети
-Социалдык фонд экендигин көрсөткөн.
Аталган агенттиктин маалыматы боюнча коргоо министрлигинде жыл башынан бери коррупцияга аралашкан 27 учур катталган. Ал эми калган министрликтер, комитеттер жана агенттиктер коррупция такыр жок деген көрсөтмөлөрдү беришкен. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитет берген маалыматтарда 2007-жылдын жарымында эле ИИМ –65; МАИ –7; жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда –16; билим берүү министрлигинде –10; бажы комитетинде –10; прокуратура органдарында –8; бейөкмөт уюмдарда –7; саламаттыкты сактоо министрлигинде –4 жана адилет министрлигинде – 4 коррупцияга аралашкан учур катталгандыгы айтылат.(ZKo)