БЕЛГИЛҮҮ АРХЕОЛОГ ДМИТРИЙ ВИННИКТИН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Фатима Абдалова 10-июлда сексен жаш курагында кыргыз археологиясынын башында турган археолог окумуштуулардын бири Дмитрий Федорович Винниктин сөөгү Бишкектин түштүк-чыгыш танабындагы көрүстөнгө коюлду. Дмитрий Винник Кыргызстандын бардык аймактарында археологиялык чалгындоолорду жүргүзүп, Таш-Рабаттын, Ысык-Көлдүн, Өзгөн мунарасынын, Бурананын алдындагы археологиялык табылгаларды ачкан. Дмитрий Федорович жүздөн ашуун илимий эмгектин автору.
Дмитрий Федорович Винник негизинен бүткүл өмүрүн кыргыз археологиясына арнаган инсан. Ал бир миң тогуз жүз жыйырма жетинчи жылы Талас облусунун Киров – азыркы Кызыл-Адыр айлында туулган. Дмитрий Федорович алгачкы эмгек жолун 1950-жылдары кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде студенттерге дарс окуу менен баштаган. Дмитрий Винник Кыргызстандын тарыхын жазууда мамлекеттик сыйлыкка татыган алгачкы авторлордун бири. Ал ошондой эле “Кыргызстандын археологиясы тууралу тарыхый очерктер” деген көлөмдүү эмгекти жана жүздөн ашуун илимий макалаларды жазып калтырды.

Замандаштарынын айтымында Дмитрий Федоровичтин буту баспаган кыргыз жери жок. Ал Кыргызстандын бардык булуң-бурчун археологиялык чалгындоого алган. Дмитрий Винник менен кырк жыл бирге эмгектенген кесиптеши белгилүү археолог, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асан Абетеков маркум Дмитрий Винник жөнүндө төмөнкүдөй пикир айтты:

-Кыргыз тарых илими чоң жоготууга учурады. Себеби кыргыз тарых илиминин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон, Кыргызстандын байыркы тарыхын изилдеген чоң окумуштуу Дмитрий Винник дүйнөдөн өттү. Анын айрыкча орто кылымдагы Бурана, азыркы Токмок шаарынын алдындагы байыркы шаардын калдыктарын изилдеп ачууда эмгеги чоң болду.

Дмитрий Федорович Винник учурунда кыргыз археологиясынын башында турган Тибиров, Зеблин, Кызласов, Засыпкин өңдүү археолог окумуштуулар менен чогуу иштеген, алардан тарбия-таалим алган. Дмитрий Винник Буранадан сырткары Таш-Рабаттын, Ысыккөлдүн, Өзгөн мунарасынын алдындагы археологиялык табылгаларды ачкан жана ал жайларды оңоп-түзөө иштеринин башында турган. Дмитрий Федорович Винниктин айрыкча Ысыккөлдү изилдеп ачууда жана аны дүйнөлүк баалуу эстеликтердин тизмесине кийирүүдө эмгеги чоң экенин белгиледи “Кыргызреставрация” илим изилдөө борборунун директору Жумамедел Иманкулов.

-Беш-алты жыл мурун, картайып калганына карабай, оорукчалдыгына карабай Ысыккөлдү дүйнөлүк баалуу эстеликтердин тизмесине кийирүүгө Дмитрий Винник зор салым кошту. Себеби Ысыккөлдү Дмитрий Федоровичтей Кыргызстанда жакшы билген археолог жок.

Дмитрий Федорович Винник кыргыз археология илимине зор салым кошуу менен көптөгөн археолог адистерди тарбиялап чыгарды. Кыргыз илимдер академиясынын тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиевдин айтымында учурунда Дмитрий Винник Кыргызстандын залкар археологдорунан билим алган болсо, ал эми бүгүнкү кыргыз археологдору баары андан билим алышкан:

-Дмитрий Винник жерди казганды, табылганы чалгындаганды гана билген, атак-даңкка умтулбаган инсан эле. Ал ар кандай сыйлыктарды алганга урунбай, ал сыйлыктардан да баалуу эмгектерди калтырып кетти. Бүгүнкү кыргыз археологдорунун баары андан билим алып, анын колунан чыгышкан.