СЕРГЕЙ ЛАВРОВ: ОРУС ТИЛИ КОНСТИТУЦИЯДА РАСМИЙ ТИЛ КАТАРЫ САКТАЛГАНЫН ЖОГОРУ БААЛАЙБЫЗ

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун расмий иш сапары Ысыккөлгө да уланып, Чолпоната шаарында эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Орусия мамлекетинин тышкы иштер министри Сергей Лавровду Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев, Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси Сергей Власов баштаган расмий өкүлдөр коштоп келди. Эки өлкөнүн энергетика, соода, экономика жана транспорт тармагындагы өнөктөштүк боюнча сүйлөшүү алдында Сочи шаарында аныкталган олимпиадалык оюндарга Кыргызстан дагы кубанып атканын билдирген Курманбек Бакиевдин телеграммасын Владимир Путин сыймык менен кабыл алганы айтылды.

Чолпоната шаарындагы экинчи мамлекеттик резиденциясында журналисттерди катыштырбаган бир сааттык бул сүйлөшүүдөн кийин анын кыскача мазмунун Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев төмөндөгүдөй чечмеледи:

- Камбарата -1-2 суу энергетика комплексин, ошондой эле Каракече кенине кондициялык завод куруу боюнча долбоорго Орусия мамлекетинен боло турган салымдар боюнча сөз жүрдү. Айрыкча эмгек мигранттарынын көп граждандуулук концепциясы талкууланды.

Ал эми Орусия тарап биздин кайсы тарапка басым коюп, жардам берүү ниети бар экенин тышкы иштер министри Сергей Лавров минтип ырастады:

- Орусия ишкерлигин Кыргызстанда өнүктүрөм дегендерди колдоп атабыз. Ошондуктан силердин инвестициялык долбоорлорго кызыкдарбыз. Муну Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев дагы туура көрүп атканын ал кечээ мени менен болгон жолугушууда тастыктады. Кыргызстанга жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жетекчиси өзү келип кеткенден кийин өлкө мамилелери мындан ары дагы чыңдалат.

Сергей Лавров андан ары өз сөзүндө Кыргызстанда орус тили расмий түрдө статус алганына Орусия тараптан дагы олуттуу мамиле болоорун кошумчалады:

- Орус тили Кыргызстандын Конституциясына жазылып, расмий тил катары кабыл алынганын өтө жогору баалайбыз. Биз дагы Орусия жогорку окуу жайларында жана дипломатиялык академияда билим алып аткан кыргызстандык студенттердин санын арбытып, чектеген стипендияларыбызды да жогорулатабыз. Кыргызстанда үчүнчү кварталда өтө турган орус тил боюнча аймактык фрумду колдоп, ага активдүү катышып, өзүбүз уюштуруп берели деп атабыз.

Орусия тышкы иштер министринин билдирүүсүндө ал Ысыккөлдү быйыл биринчи жолу көрдү. Ошондуктан иш сапары расмийленген менен анын урматына көл суусуна түшүп, кемеге сейилдеп, кыргыздын салты менен коноктолгонун чыныгы меймандостук деп баалады ал.