Исламабадда өкмөт аскерлери Лал Масжид мечитин камалап, жапырык жасап жатышат. Операция шейшемби күнү таңга маал башталды. Кечээ өкмөт радикалдарды куралын таштап, багынып берүүгө көндүргөнү акыркы ирет аракет жасап, сүйлөшүүлөр оңунан чыккан эмес эле.
Кызыл мечит аскерлердин курчоосунда турат. Имарат ичинде радикалдар менен өкмөттүн атайын даярдыктагы отряды аңдыша аткылашып жатышат. Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Вахид Аршад операциянын жүрүшү тууралуу маалымдап, экстремисттер бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чегинип, каршылык көрсөтүп жатканын,мечиттеги бөлмөлөргө,тепкичтерге, жертөлөгө жана бак ичине окбаанелер тургузуп алышканын билдирди. Генерал террорчулар уруштун усулуна маш болгон адамдар экенин, алардын колунда автомат, ракета, колбомбалар барлыгын, ошондуктан операция илээлеп жүрүп жатканын кошумчалады.
Соңку кабарларда элүүдөй террорчу жок кылынып, дагы элүүдөйү колго түшүп бергени айтылууда. Мечиттин көп бөлүгү аскерлердин колуна өттү. Өкмөт тараптан сегиз жоокерге ок жаңылганы, он бештейи жарадар болгону тууралуу маалыматтар бар.
Таңга маал операция башталар алдында мечиттен отуздай аял, 20дай бала качып чыкты. Аялдарды, кыздарды жана жаш балдарды террорчулар “тирүү калкан” кылып пайдаланып жатышат. Баары болуп алардын колунда канча киши бар экени так маалым эмес, айрым божомолдордо мечитте өзбектер да бар делинет. Бирок алар барымтада калгандарбы же террорчулардын катарындагы жалданма жаңчыларбы, белгисиз.Өкмөт өкүлдөрү мечиттеги куралдуу топ ичинде чет элдик радикалдар да бар экенин айтышкан. Кызыл мечиттеги кагылыштан бир апта ичинде баары болуп 70тей адам мерт болду.
Генерал Аршад айрым маалыматтарга таянып, мечиттин жертөлөсүндөгү бөлмөлөрдө аялдар жана балдар бар өңдөнөт, бөлмөлөрдүн биринде террорчулардын жаңбашчысы Рашид Гази корголоп жаткан болушу мүмкүн деп кабарлады.
Кызыл мечитти окбаанелеп алган радикалдар Пакистанда шариат эрежелерин киргизүүнү талап кылышып, башка эч кандай мунасага барбай турушканын, бул ыйык максат үчүн шейит кеткенге даяр экендигин айтышкан. Эки тарапка арачы болгону кечээ акыркы сүйлөшүүлөргө катышкан мурдагы премьер-министр Чадри Шужат Хусейн мечиттегилерден өтө көңүлү калып кайтып келгенин айткан эле.
Кызыл мечитти тазалоо операциясын эл аралык эксперттер да комментариялап жатышат. Лондондук аналитиктердин бири Фарзана Шайх бу операция менен президент Первез Мушарраф батыштагы саясий борборлордо өзүнө аброй ашырышы ыктымал дейт. Бирок өлкөнүн өзүндө ал өтө жаман кесепеттерге кабылышы ыктымал. Бу жерде эми чоң коркунуч бар, дейт ал. Исламабаддагы окуялар өлкөнүн калган аймактарын да копшоп-козголтуп, бу ишке жанкечти-террорчулар тартылып кетиши ыктымал.