ЖАЛАЛАБАТ: ЭТНИКАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ЧАГЫЛДЫРУУГА ЖУРНАЛИСТТИК САБАТ ЖЕТИШПЕЙТ

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабаттагы журналисттер маалымат каражаттарында этникалык мамилелердин чагылдырылышын талкуулашты. Маалымат каражаттары аз улуттардын көйгөйлөрүн көз сыртында калтырат. Этникалык тармак тууралу сөз жүргөндө кыргыз-өзбек мамилелерине көбүрөөк басым жасалат. Анткени, жергиликтүү калемгерлердин этникалык маселелерди чагылдырууга адистик көрөңгөлөрү жетишсиз. Талкууну Оштогу «Социалдык информация жана божомол» борбору өткөрдү.
41 улуттун өкүлдөрү жашаган облуста эки пайызга жетпеген орустар калды. Алар менен украин жана белорустар саны аздыгынан бийлик сересине умтулбайт. Бирок, кызмат чөйрөсүндө тааныш-тамырлары жоктугунан укуксуздук өкүм сүрүп, алардын жумушка орношуусу татаал.

Облустагы «Славян» диаспорасы укугу басмырланган этникалык улуттарга улуттук коопсуздук кызматы менен биргелешип көмөк көрсөтөт. Сталиндик репрессия чагында көчүп келген түрктөр жер үлүштөрүн албай калган. Алар паспортторуна эмдигиче өз улутун жаздыра албай жүрүшөт. «Славян» диаспорасынын башчысы Валерий Улеевдин байкоосунда маалымат каражаттарында сейрек улуттардын көйгөйлөрү жазылбайт:

– Маалымат каражаттары майда улуттардын маданиятынын сакталышы менен өнүгүүсүн, тең укуктуулукка жетишүү, коомдук турмуштабы, экономика жаатында, же жумушсуздук жагында алардын кызыкчылыктары эске алалек. Аз улуттар арасында иши жоктордун көптүгүн статистикада деле айкындап турат.

Жергиликтүү басылмалар менен сыналгылар саясий-маданий өнөктүктөр менен курултай-жыйындарда көбүнэсе кыргыз-өзбек мамилелерине ыктап кетишет. Сейрек улуттар туурасында дегеле сөз болбойт. Жай турмушта этникалык байланыштар менен анын күнгөй-тескейи көз сыртында калат. Мындай жагдайдын өкүм сүрүшүнө «Кыргыз туусу» жана «Эркин Тoo» гезиттеринин облустагы кабарчысы Орозалы Карасартовдун көз карашында журналисттердин аталган тармакка кайдигер мамиле жасаганы себепкер:

- Дагы толук ачыла элек. Бирок ушул маселелердин МККна чагылдырууда бир топ проблемалар бар. Көбүнчө өзбек, кыргыздар жөнүндө сөз болот. Бирок башка улуттар жөнүндө жазылбайт, айтылбайт. Мунун себептеринин бири журналисттердин маани бербегендиги, ошону жазууга профессионалдык деңгээлдеринин чектелүү жайгдайлар себептеринде деп ойлойм.

Улуттук маданий борборлор менен маалымат каражаттарынын мамилесине Кыргызстан калктарынын ассамблеясынын облустагы бөлүмү кызыкдар.

Элдердин ынтымак-достугун чыңдоо маселесине «Сентябрь», ОшТВ, ЭЛТР, ЖТР өңдүү сыналгылар менен облбийликтин «Жалалабат таңы», «Шериктештик» партиясынын «Көз караш» басылмалары көп көңүл бурат. Укугу тебеленген сейрек улуттардын өкүлдөрү тууралу ЕККУ каржылаган «Укук баарына бирдей» басылмасы укугу тебеленген сейрек улуттар жөнүндө байма-бай сын-пикирлерин жарыялоодо. Ассамблеянын бөлүм төрагасынын орунбасары Фарида Саякованын айтымында туура эмес айтылган ар бир маалымат коомчулук арасында тескери көз караштарды жаратуусу ыктымал:

- Улуттар аралык достук, ынтымак болсун, бирге чогуу Кыргызстандын келечегин өстүрөлү, экономикасын көтөрөлү, улуттар аралык тынчтыкта жашайлы деген мааниде биздин облустук басма сөз кызматтарында да көптөгөн басылмаларды жазышат. Этностук маселелер көп көтөрүлүп чагылдырылып атат.