10:27 Кыргызстан туристтер үчүн кооптуу деп эсептелген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды

Бул тизмеге Кыргызстан 2005-жылы болгон март окуяларынан кийин киргизилген эле. Ушу тапта туристтик тармакта өлкөнүн имиджин жакшыртууга багытталган иш-чаралар жүрүгүзүлүп жатат. Мисалга, ушул жылы май айында Кыргызстанда элүү компаниянын катышуусунда “Туризм жана саякат BITF- 2007” деген аталыштагы 2-Эл аралык жарманке, Ысыккөлдө болсо 9-Эл аралык “Ысыккөл – 2007” жарманкеси өткөрүлгөн болчу. (ZMa)