13:37 Турсунбек Акун: Чет өлкөдөн акча алган кээ бир коомдук уюмдар митинг, пикеттерге катышып жүрүшөт

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссия башчысы Турсунбек Акундун көз карашында 200-400 миң долларга чейин чет өлкөдөн каржы алган уюмдар митинг-пикеттерге активдүү катышуу аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирип жатышат. Турсунбек Акундун пикирин сынга алган укук коргоочу Азиза Абдырасулова мындай доомат далилденбей калса укук коргоочулар сотко бериши мүмкуң экендигин эскертти. Учурда Кыргызстанда 7 миң чамалаш укук коргоо уюмдары бар экендиги айтылып жүрөт. (BuS)