16:45 Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Өктөмхан Абдуллаева Нарын облусун кыдырууда

Министр 5-июлда Нарын шаарында болуп социалдык жеңилдиктерди алган адамдар менен жолугушту. Социалдык пособие алуучулар мамлекет тарабынан берилүүчү акчалай жардамдардын кескин кыскарышына нааразы болушууда. Эгер ардагер пенсия алса, аны менен кошо жашаган уул-келинине пособие кыскартылган жана 2-3 жолу түшүм алган республикабыздын башкa аймактарындагыдай эле жер үлүшү да эсептелип калган. Аны менен катар жер-жерлердеги социалдык кызматкерлер жергиликтүү бюджеттен каржыланышы керек болсо, облус өзү 87 пайыз дотацияда турат. Министрге чогулгандар ушундай маанайдагы суроолор менен кайрылышып, жооп алышты. Андан соң министр айым облустагы 5 райондорду тең кыдыруу үчүн жөнөп кетти. Эскерте кетчү жагдай, пособиелердин кыскарышына нааразы болгон эл апрель митингиcинде оппозицияны колдошкон. Учурда облуста 37 миңдин тегерегинде ардагерлер пенсия, 43 миң 763 жаран пособие алат. (JI)