Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын кабалоосу боюнча президент түштөн кийин Алай районуна барып, ал жердеги социалдык обьекттердин абалы, мектептердин ремонту менен таанышып, мугалимдердин айлыктарынын убагында тийип жаткандыгына кызыкты. Ош-Сарыташ-Эркечтам канжолунун курулушун барып көргөн президент куруучуларга жолду сапаттуу курууну тапшырып, шашылыш бүтүрүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгиледи.