10:45 Кыргызстандын беш ай ичиндеги өндүрүш темпи 2,2% түздү

КМШ өлкөлөрү аралык статистикалык комитетинин маалыматы боюнча мурдагы союздук мамлекеттердин арасындагы өндүрүш темпи өтө жай өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан, Армения, Түркмөнстан жана Молдавия бар.
Ал эми коңшулаш Тажикстан бул жылы 8,4% өндүрүш темпи менен Казакстанды -8,1% жана Орусияны -7,4% кууп өттү. Алдыңкы орунда 2007-жылдын январь – май айларындагы өндүрүшү 36,1% болгон Азербайжан жана Украина -12,1% турат.