Бул иш-чаралар ушул жылдын август айына белгиленип жатат. Аталган форумдун координациялык кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун билдиришинче, талкууга жаштар жана адистер катышып, анда негизги сөз Кыргызстандагы чет элдик аскер авиа базалар жана энергетиканы жеке колго тапшыруу маселелеринин айланасында козголот. (EBM)