Газа тилкесинде уурдалып кеткен Би-Би-Си кабарчысы Алан Джонстон бошотулду

Төрт ай мурда уурдалып кеткен кабарчы ХАМАС тобунун өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. ХАМАСтын башчысы Халед Мишаал Алан Джонстондун бошогонун кубаттады. Аймактын мурдагы премьер-министри Исмаил Хания Джонстон менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында ал үчүн эч кандай акча төлөнбөгөндүгүн билдирди.