ЕВРОПА БИРИМДИГИНДЕГИ ТӨРАГАЛЫК ПОРТУГАЛИЯГА ӨТТҮ

Нарын АЙЫП, Прага 1-июлдан тартып Европа Биримдигиндеги төрагалык жарым жылга Португалияга өттү. Өлкө жетекчилигинин айтымында, келерки алты айдын ичинде Биримдиктин негизги аракеттери - уюмдун "конституциясы" деп эсептелинген документти толук даярдап чыгуу менен Африка мамлекеттери жана Бразилия менен болгон мамилелерди тереңдетүүгө багытталат.
Португалияга чейин Европа Биримдигине Алмания төрагалык кылган жана ал 21-23-июнда Брюсселде өткөргөн акыркы саммитте уюмдун мурда иштелип чыккан конституциясынын ордуна "Реформалар келишими" деп аталган жаңы документ жактырылды. Айрым эксперттер аны - шашылыш кабыл алынды деп сынга алууда.

Португалия жетекчилигинин айтымында, эми ал документте кетирилген кемчиликтер жоюлуп, 26-октябрда Португалиянын өзүндө өткөрүлө турган саммитке карай документ толук кайра иштелип чыгат: "Биз бул келишимди мүмкүн болушунча ылдамырак толук бүтүрүүгө аракеттенебиз. Европа бизден ошону күтүп жатат. Европа элдери бизден ылдам иштөөнү күтүүдө", - деди Португалиянын премьер-министри Жозе Сократуш 2-июлда.

Уюмга 2004-жылы он жаңы мамлекет мүчө болуп киргенден кийин Биримдиктин конституциясы иштелип чыккан жана ага 2004-жылы күзүндө Рим шаарында салтанаттуу түрдө кол коюлган. Андан бери аны 27 мүчө-мамлекеттин он сегизи бекитти, бирок 2005-жылы Франция менен Нидерландда өткөрүлгөн референдумдар учурунда конституция жактырылбай калды, ошондуктан Алмания өткөргөн акыркы саммитте конституцияга бир кыйла өзгөртүүлөр киргизилди.

Аны менен катар Алманиянын тышкы иштер министрлиги Борбор Азияга карата атайын стратегия да иштеп чыгып, ошол эле Брюсселдеги саммитте аны кабыл алдырды. 2007-2013-жылдарды камтыган ал стратегияга ылайык, Борбор Азия жумурияттары менен кызматташууга 750 миллион евро бөлүнөт жана демократиялык реформалар менен адам укуктарын коргоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Португалиянын тышкы иштер министри Мануэл Луиш Амадунун айтымында болсо, өлкө төрагалыгы алдында Африка мамлекеттери жана Бразилия сыяктуу өлкөлөр менен мамилелер дагы кеңейтилип, күчөтүлүүгө тийиш, анткени акыркы мезгилде аларга көп көңүл бурулбай калды. Португалия Европа Биримдигине акыркы жолу 2000-жылы төрагалык кылганда, Бразилия менен атайын саммит дагы өткөрүлгөн жана быйыл дагы ошондой бийик жолугушуу уюштурулат. Бразилия эли португал тилинде сүйлөйт.

Андан тышкары Биримдик менен Орусия жана Түркия ортосундагы мамилелерди оңдоо багытында дагы аракеттер көрүлөт. Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы кызматташуу келешиминин мөөнөтү быйыл ноябрда аяктайт, бирок Польшанын каршылыгынан улам былтыр ноябрда Хельсинкиде жана быйыл Орусиянын Самара шаарында өткөн саммиттер учурунда жаңы кеишим түзүлбөй калды.

Түркиянын Биримдикке мүчө болуп кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылдын октябрынан бери уланууда, бардыгы болуп 35 тармак боюнча сүйлөшүү өткөрүлүп, атайын келишимдер түзүлүүгө тийиш. 2006-жылы илимий тармак боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү аяктап, келишимге кол коюлган, бирок ошол эле жылдын декабрында сегиз башка тармак боюнча сүйлөшүүлөр токтотулган, анткени Анкара бажы келишимин Кипрге таратууга каршы чыккан. Үстүбүздөгү жылдын мартында болсо өнөр жай боюнча, ал эми 25-июнда дагы эки тармак - статистика жана каржы көзөмөлү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.