Казак ишкерлеринин дээрлик менчиги болуп эсептелген Түп районундагы Күрмөнтү цемент заводуна нааразы болгон жергиликтүү эл жетекчилери жуманын аягында сүйлөшүүгө чыкпаса заводду иштетпей турганын эскертишти.
Күрмөнтү цемент заводунун 80 пайыздан ашык акциясы өткөн жылдары казак ишкерлерине өткөн. Ошол Түп аскаларында акиташ менен цементтин чийки сырьесу сапаттуулугу жагынан Орто Азиядагы бирден-бир кен катары эсептелгендиктен Казакстандагы Караганда цемент-бетон заводу 12 млн. сомдон ашык карызына карабай сатып алганы маалым. Бирок сот иши жана башка себептер менен бир жылга жакын цемент өндүрүлбөй, 4 айдан бери гана толук кубатуулукта иштей баштаган заводго жергиликтүү элдин нааразылыгы күчөдү. Көрсө топурак казып алчу жерге дагы казак ишкерлери эгедер болуп алыптыр:
- Үч саат ошол жерге жалооруп отуруп, жүктөп бергенине 80 сом төлөп, жашырып, уурдап алып келдим өз топурагымды. Биздин карьерибиз ошол жерде, башка жерден казып алсак талааны талкалайбыз. Бул жерде негизи казактар иштеп атат, - Дүйшөнбек аттуу күрмөнтүлүк ардагер цемент экспортко гана кетип атканын кошумчалап, Ысыккөлдө анын баасынын кымбаттыгына да токтолду:
- Болжол менен баасын айтып берсем, 4900 сом дейт. Мен “айланайын биз ушул жерде жашайбыз, биздин топуракты, ташты алып, ушул жерден жан багып атасыңар силер” деп айттым, - деген кайрылуу менен заводдун жетекчилигине кайрылышканда, ага жоопкерлер Казакстанда экенин айтышкан.
Бир тонна цемент 4900 сомго бааланганына нааразы болгон эл алыскы Кытайдан келген цементти эле 5 миң сом тураарын белгилешти. Мамлекеттик деңгээлде чечилчү мындай маселелерди эл өкүлдөрү мойнуна алган менен кайдыгер болуп атканын дагы бир жашоочу төмөндөгүдөй ырастады:
- Бай жигиттер ушул жерге келип аракка сугарып, акчасын берип бизди алдап кетип, депутат болуп атат. Мына Садыр Жапаров деген бар, Күрмөнтү заводуна келип ошол жерди эмнеге карап бербейт, - дейт бул маселе облустук бийликке кабарланганын белгилеген демилгелүү топтогулар.
Ал эми айрым ата-энелер болсо топурак бербей аткан казактардын мындай мамилесинен улуттар аралык жаңжал чыкпаса экен деп кооптонуп да атышат.
Күрмөнтү цемент заводунун адистери өз кезегинде жергиликтүү элге топурак берип эле атканын белгилешип, башка маалымат берүүдөн баш тартышты.
Карапайым эл курулуш иштерине топурак алууда казак ишкерлеринен көз каранды болуп турганына Жогорку Кеңештеги депутаты, же болбосо жергиликтүү бийлиги чечип бербесе, акыркы чекке барарын мындай чечмелешти:
- Эгерде төртү күнү келбесе, анда биз жолду жабабыз. Андан кийин иштеп көсүн. Завод иштебейт, - айылдын мурдагы депутаты Дүйшөнбек мырзанын айтуусунда казак ишкерлери элдин бул чогулушуна келсе, Күрмөнтү цемент заводунун зыяндуулугу боюнча дагы адистер менен талкуу жүргүзүп, президентке кайрылуу жөнөтүшөт.