10:23 Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө мерт болгон жарандын сөөгүн Кыргызстанга бекер алып келет

Буга байланышкан токтомду премьер министр Алмаз Атамбаев чыгарды. Басма сөз кызматынын 3-июлда тараткан маалыматына караганда, Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө иштеп жүрүп мерт болгон жарандын сөөгүн мекенине аба, суу каттамы, темир жол, автоунаа аркылуу (ынгайына жараша) бекер жеткирет. Ал үчүн ишке жайгаштырган тараптан жарандын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, жергиликтүү бийлик органдарынан же жумуш берген тараптан, улуттук диаспора жетекчилигинен чет өлкөдө акыркы иштеген жерин күбөлөндүргөн документ талап кылынат. Документтер аркылуу далилденген чыгымдар миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитеттин атайын жана бюджеттик каражаттарынын эсебинен төлөнөт. (BuS)