ӨЗБЕКСТАН ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫ АЛИ ӨМГӨКТҮҮБҮ?

Ооганстанда Өзбекстан Ислам кыймылы менен байланышы бар жети адам кармалды. Бул тууралуу расмий өкүлдөр ушул дүйшөмбү күнү жарыялашты. Ушундай эле шек менен он адам өткөн айдын соңунда Тажикстанда да кармалган, дагы он төрт кишинин үстүнөн сот жүрүүдө. Бул аралыкта расмий өкүлдөр тарабынан Борбор Азияда террорчул жана экстремистчил топтордун коркунучу күчөгөндүгү боюнча эскертүүлөр айтылып жатат. Жагдай чын эле ушундайбы же кандайдыр бир деңгээлде апыртылып жатабы? Айрым эксперттер Өзбекстан Ислам кыймылы туудурган коркунуч жөнүндөгү соңку эскертүүлөрдү Шанхай Кызматташттык уюмунун алдыдагы саммитине байланыштырууда.
Өзбекстан Ислам кыймылы Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр менен катар Кошмо Штаттарда да террорчул уюм катары таанылган. Кыргызстандыктар болсо бул уюмду көбүнесе 1999-2000-жылкы Баткен окуяларынан улам билет.

Жакында Шанхай кызматташттык уюмунун Бишкектеги жыйыны учурунда Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев буларды билдирген эле:

- "Ал-Каида", Талибан жана Өзбекстан Ислам кыймылынын аракеттери июль айынан жандана баштайт. Алардын Фергана өрөөнүнө таасири барбы же жокпу, биз Өзбекстан ислам кыймылына көбүрөөк кооптонбуз. Алар айрым чет өлкөлүк өкмөттөр тарабынан каржыланат. Демек алар бир жерден өзүн көргөзүшү керек, көргөзбөсө каржылоо болбойт.

Тажик коргоо министри ага катар анын өлкөсү жана Өзбекстан мамлекеттик чек араларын кайтарууну күчөтүп жатканын маалымдаган эле.

Расмий өкүлдөрдүн эскертүүлөрүнө, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелгендер кээ бир өлкөлөрдө кармалып, соттолуп жатканына карабай, айрым байкоочулар аталган кыймылдын активдеше баштаганын көргөзгөн бекем далилдер азырынча жок экенин айтат.

Майкл Хоол - Эл аралык кризис тобу деген уюмдун Борбор Азия долбоорунун жетекчиси. Анын көз карашында, аймактагы өлкөлөрдүн бийликтери Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте августа өтүүчү саммитин утурлай Өзбекстан ислам кыймылынын коркунучун баса белгилеген билдирүүлөрдү көбүрөөк жасачыдай. Бул аларга Кытай менен Орусияга террорчулукка каршы күрөштө канчалык маанилүү өнөктөш экенин көргөзүү үчүн да керек. Борбор Азияда коркунуч деңгээли кандайдыр бир деңгээлде болгону менен Өзбекстан Ислам кыймылы АКШ 2001 – жылы террорго каршы согуш жарыялаган учурдан кыйла алсыз:

- Балким, Борбор Азияда Өзбекстан ислам кыймылынын калдыктары азыр да бар. Бирок калгандардын өз ара жана учурда Пакистанда жайгашкан Өзбекстан ислам кыймылы менен байланышы канчалык, кандайдыр бир террордук акт жасоого канчалык жөндөмдүү? Менимче, бул багытта кандайдыр бир так нерсе айтуу өтө кыйын. Албетте, көп учурларда бул топтор туудурган коркунуч белгилүү бир деңгээлде апырытылган.

Айтор, аналитиктер арасында Өзбекстан ислам кыймылы сыяктуу топтор Борбор Азия чөлкөмүн масштабдуу деңгээлде дестабилдештирүүгө жөндөмсүз деген орток көз караш бар. Бирок бул алар конкреттүү террор актысын жасоого аракеттенбейт дегенди туюндурбайт. Баяндамачылар ага катар демократиялык реформалар, сөз, ишеним эркиндигине шарт түзүү, саясий аракеттерди чектебөө радикал уюмдар комчулуктун колдоосуна ээ болуусуна тоскоолдук кылуучу факторлор экенин белгилешет.