7:00 Европа Биримдиги Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынышын кубаттоодо

Евробиримдик тараткан билдирүүдө бул маанилүү кадам катары белгиленип, өлкө президентинин бул багыттагы аракети кубаттоого алынган. Өлүм жазасын өмүр бою абакта кармоо менен алмаштырган мыйзамга президент өткөн шаршембиде кол койгон. Кылмыш-жаза кодексин конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоого багытталган бул мыйзам долбоорун парламент 26-апрелде кабыл алган болчу.
(SM)